Мамлекеттик органдарды кыскартуудан канча акча үнөмдөлөт? (видео)

861

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы эми Экономика жана финансы министрлигине карайт. Ал эми Жазаларды аткаруу кызматы мурдагыдай болуп Юстиция министрлигине кошулду. Миграция кызматынын функциялары эки органга бөлүштүрүлүп берилди.

Премьер-министр тиешелүү токтомго кол койду. Мамлекеттик органдарды ирилештирүү же кыскартуудан канча акча үнөмдөлөт жана кызматкерлердин саны канчага азаяры белгисиз. Учурда бул жаатта иштер уланууда.