Мамлекеттик сатып алууларда бюжеттик каражаттар уурдалууда (видео)

627

Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов өзү төрагалык кылган координациялык кеңешмеде айтып чыкты. Жыйында саламаттыкты сактоо тутумунундагы мамлекеттик сатып алууларда коррупцияга каршы күрөшүү маселелери каралды. Акыркы 2 жыл аралыгында эле медицина тармагындагы мамлекеттик сатып алууларда 3 миңге жакын мыйзам бузуу аныкталган.

Ошондой эле бул отурумда УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын жетекчиси Сагынбек Исмаилов да бир топ маалыматтарды угузду. Анын айтымында Транспорт жана жолдор министрлигиндеги коррупциялык иштердин айрым белгилери 3 ай мурда эле белгилүү болгон. Эскертүү берилгени менен мекеменин жетекчиси Жамшитбек Калилов эч кандай чечкиндүү чараларды көргөн эмес дейт, Исмаилов.