Мамлекеттик тарых музейине «улуттук» деген макам ыйгарылды

843

Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейине «улуттук» деген статусу ыйгарылды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты. Анда аталган мекемеге «улуттук» статусун ыйгаруу Кыргызстандын өнүгүшүнүн негизги баскычтарын чагылдырган уникалдуу экспонаттардын коллекциялары коюлган маанилүү маданий объект катары музейдин маанисин билдирип турат.

Ошондой эле, бул аракет музейди башкаруу системасын оптималдаштырууга, анда иштеген кызматкерлердин санын жана каржылоону жөнгө салууга мүмкүндүк берери да белгиленген.

Эске салсак, Мамлекеттик музей оңдоп-түзөөгө 2016-жылы март айында жабылган. Ал эки этап менен жүргүзүлүүдө. Тарых музейинде 135 миңден ашык экспонат бар.