Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам күчөтүлүүдө (видео)

4281

Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды аткарбаган телеканалдар жабылышы керек. Бул тууралуу Бишкекте мамлекеттик тил жөнүндөгү конституциялык мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулаган кеңешмеде айтылды.

Сунушталып жаткан документте, жалпыга маалымдоо каражттарында мамлекеттик тилди колдонуу туурасында да өзүнчө бөлүм бар. Ага ылайык, телеканалдарда кыргыз тилиндеги программалар 50 эмес 60 пайыздан кем болбошу зарыл. Бир катар телеканалдардын өкүлдөрү ага каршы эмес. Бирок мыйзамга баш ийбей жаткандарга чара көрүү керектиги белгиленди.