Мамлекеттик тилди билбеген аткаминерлерге айып пул салуу сунушталууда

652

Коомдук ишмер, саясатчы Азимбек Бекназаров президентке, өкмөткө жана парламентке кайрылып, өлкөдө кыргыз тилинин аброюн көтөрүүгө чакырды.

Анын айтымында, кыргыз тилинин абалы 2000-жылы Конституцияга расмий тил тууралуу жобо киргизилгенден кийин кыйла начарлап кеткен. Кайрылуусунда ал буга мисал катары негизинен орус, англис, араб, корей жана кытай тилдеринде жазылган жарманаларды келтирген.

Кайрылууда «мамлекеттик кызматка кирип жаткандардан кыргыз тилин билүү формалдуу эмес, милдеттүү түрдө талап кылынышы зарыл, көрнөк-жарнактар тартипке келтирилип, мамлекеттик тилди билбеген аткаминерлерге айыппул салыш керек» экендиги жазылган.

Буга чейин коомдук-саясий жана мекенчил күчтөрдүн курултайы конституциялык реформа тууралуу мыйзам долбоорун даярдап, бул боюнча быйыл 24-ноябрда референдум өткөрүүнү сунуштаганы айтылган. Анда орус тилинин расмий макамын алуу маселеси дагы бар.

Конституцияга ылайык Кыргызстанда орус тили расмий макамга ээ. Иш кагаздардын көпчүлүгүнүн орус тилинде даярдалганы, шаар жерлеринде тейлөө орусча жүрүп жатканы коомчулук арасында нааразы пикирлерди жаратып келет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.