Мамлекеттик туунун 30 жылдыгы белгиленди (видео)

7524

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынганына 30 жыл толду. Буга арналган салтанаттуу иш-чара Бишкектеги Ала-Тоо аяндында болуп өттү. Анда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, жарандарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө кыргыз журтчулугунда элдин башын кошуп, бириктирип турган улуу түшүнүктөр болгонун, анын эң негизгиси бир туунун астында биригүү экенин баса белгиледи. Ошол ыйык табериктерге астейдил мамиле кылып, мына бүгүнкү күнгө чейин учугубуз уланып келип олтурат, — деди президент.