Мамлекеттик «Унаа» ишканасында коррупциялык схема аныкталды

794

«Унаа» мамлекеттик ишканасында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган мекеменин кызмат адамдарына карата козголгон кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүндө, башка кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп, коррупциялык схеманы түзүү менен ЕАЭБга мүчө эмес өлкөлөрдөн Кыргызстандын аймагына ташылып келинген транспорт каражаттарын, бажы алымдарын төлөбөстөн киргизгени белгилүү болгон. Натыйжада бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ушул жылдын июль айынын башында коррупциялык схема менен алынып келинген “Лексус” жана “Шевроле” үлгүсүндөгү эки унаа кармалды. Мамлекеттик каттоо кызматынын сеткасына ылайык өлкөгө кирген автоунааларды каттоо жана алып келүүдө 2 млн. 608 миң сом зыян келген. Учурда буга тиешеси бар тараптар жана аталган мекеменин кызматкерлерине карата текшерүү иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, былтыр жыл аягында өкмөт Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаменти менен Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борборун жоюп, анын базасында жаңы «Унаа» мамлекеттик мекемесин түзгөн. Автоунааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө ушул мекеме жооптуу болуп калган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.