Мамлекеттин айдоо жерлери кооперативдерге бөлүнүп берелеби? (видео)

3143

Дыйкандар менен аткаминерлер ортосуна бүлүк салган №309 токтом. Учурда дал ушул документтин тегерегинде бир топ талаш-тартыштар жүрүп жатат. Ага ылайык, мамлекеттик фонддун эсебиндеги 278 миң гектар айдоо жердин 75 пайызы айыл чарба кооперативдерине бөлүнүп берилет.

Бирок Айыл чарба министрлигинин мындай чечимине фермерлердин бир тобу каршы чыгууда. Айтымдарында, мындай боло турган болсо кооперативдерге делген жерлер аткаминерлердин тааныш-билиштерине гана тийип, жөнөкөй багбан-дыйкандарга болсо ижарага жерлер артпай калат.