«Манас» аэропортун жаңылоого инвестор изделүүдө (видео)

952

Өкмөт «Манас» эл аралык аэропортун реконструкциялоо үчүн инвесторлорду издей баштады. Аба майданын модернизациялоо гана эмес, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу да каралган. Кирип-чыккан элдин агымы жылына эле 3,5 миллиондон ашат.

Эксперттердин айтымында, Кыргызстан башка өлкөлөрдөн кем калбашы үчүн бул жаатта ири суммадагы акча талап кылынат. Ал үчүн инвесторлорду тартып же аэропортко өздөрү тапкан каражатты өзүнө жумшоого шарт түзүү керек деген пикирлер бар.