“Манас” аэропортунда 2 күндө 3 жетекчи алмашты (видео)

678

«Манас эл аралык аэропортуна жетекчи тандоодо өкмөт кадрдык калпыстыкка жол берди». Мындай пикирди Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары айтып чыгышты. Буга акыркы 2 суткада эле өлкөнүн башкы аба майданында 3 жетекчинин алмашуусу себеп болду. Акырында, мамлекеттик ишкананын башчысы болуп Нурлан Акматов дайындалды. Ал эми мурдагы жетекчи Эмир Чукуев эмне себептен улам кызматтан кеткени тууралуу маалыматты өзү да, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду да ачыктай элек.

Ал арада, аэропортту соңку 3 күндө убактылуу жетектегендер кызуу талкуу жаратууда. Чукуевден кийин эле төрага болуп шайланган Абдималик Бусурманкуловдун бир тууганы өкмөттө чоң кызматта иштесе, кийинки бир күн иштеген жетекчи Мирлан Бегалиев «мыйзамдагы ууру» менен туугандык байланышы бар деген маалыматтар тарады. Бул айтылгандардын канчалык чындыгы бар?