“Манас” аэропортунда экстремизмге шектелген жаран кармалды

866

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматтарга караганда, 1994-жылы туулган жаран Москва-Бишкек каттамы боюнча учуп келген. Анын колго көтөргөн жүгүн текшере келгенде, жүрүм-туруму шек жаратып, тинтүүгө алынган.

Анын уюлдук телефонунан экстремисттик маанидеги видеоматериалдар жана сүрөттөр табылган. Кармалган шектүү жаран тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилгени кабарланды.