«Манас айылы» түрттүрүлүп, кайра курулабы? (видео)

1527

Талкаланып, жамгырга жуулган экспонаттар, кышы үбөлөнүп жаракасы ачылып калган курулуштар. «Манас айылы» этнокомплексине жетекчи болуп дайындалган манасчы Дөөлөт Сыдыков аталган жайдагы эски курулуштарды орду түбү менен түрттүрүп салып, жаңы салууну сунуштоодо.

Манас эпосунун 1000 жылдык мааракесине арналып салынып, бирок бир топ жылдан бери эч кандай кароосу жок турган этнографиялык комплекс жараксыз абалга келген. Аны жаңылоого учурда демөөрчүлөр да изделип жатыптыр. Улуу баатырдын атын алып, бирок каралбай көз жаздымда калган жай.