Манас айылынын жерине көз арткандар кимдер? (видео)

4379

Бир катар каршылыктарга карабастан “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин аймагына курулуш жүргүзүү аракеттери болууда. Бул тууралуу аталган жайдын жетекчиси, манасчы Дөөлөт Сыдыков билдирди. Ысык-Көл мейманканасынын ордуна курулуш иштерин жүргүзүп баштаган компания кечээ түштөн кийин маданий комплекстин темир тосмолорду бузуп салган.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков «Манас айылынын» жерине кызыккан топтор пайда болуп, алар ар кандай коркутуп-үркүтүүлөргө чейин барып жатканын айтууда. Комплекстин айланасында түзүлгөн кырдаалдан улам жетекчи «Манас айылын» сактап калуу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго жана коомчулукка кайрылууда.