Манас Арабаев боюнча прокуратура текшерүү баштады (видео)

837

Башкы прокуратура Президенттин аппаратынын укуктук камсыздоо жана сот реформасы боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаевдин үстүнөн түшкөн арыз-даттанууларды кароону баштайт. Бул тууралуу көзөмөлдөөчү мекеменин өкүлдөрү кабарлашты. Эске салсак, буга чейин бир катар укук коргоочулар, депутаттар жана коомдук ишмерлер Президенттик аппаратта таасирдүү кызматты ээлеген Манас Арабаев сотторго кысым көрсөтүп, айрым иштер боюнча өкүм чыгарууда түздөн-түз көрсөтмө берет, деп айыпташкан. Акыры бул кайрылуулар анын кызматтан кетүүсүнө себеп болду. Арабаев боюнча текшерүүлөр эми иликтөөгө айланабы?