Манас Арабаевдин үй камагынын мөөнөтү узартылды

675

Президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаевдин үй камагындагы отуруу мөөнөтү 2-ноябрга чейин узартылды. Чечим Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды.

Ал быйыл 2-июнда кармалып, бөгөт чарасы эки айлык үй камагына өзгөртүлгөн болчу. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда аны сот системасынын куратору деп атап келишкен. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Манас Арабаевди коррупцияга айыптаган. Атайын кызмат тараткан маалыматта, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, чет өлкөлүк инвесторлордун объектилерин рейдерлик жол менен тартып алган топтордун кызыкчылыгына иштегени айтылган.

Буга байланыштуу иш боюнча Манас Арабаев кийин тергөө менен кызматташууга барып, Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берген. Айтымында, Раиса Атамбаева Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «алдамчылык», «коррупция» жана «атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу» беренелери менен айыпталып жаткан Элвира Жаркееваны колдоону да өтүнгөнүн билдирген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.