«Манас» эл аралык аэропортуна жаңы жетекчи дайындалды

707

Директорлор кеңеши 2011-жылдан бери «Газпромнефть Азия» компаниясында иштеп келген Нурлан Акматовдун талапкерлигин жактырды.

Анын 2 жогорку билими бар. Ал 1993-жылы айыл чарба институтун экономика адистиги боюнча аяктаган, ал эми 1998-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.

«Манас» аэропортунун буга чейинки төрагасы Эмир Чукуев өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.