“Манас” эпосундагы каармандардын элеси кийиз бетинде (видео)

1758

Кийиз бетине түшүрүлгөн эпос каармандарынын элеси. 23 жаштагы Гүлжамал Көкүмбай кызы кол өнөрчүлүктүн өзгөчө түрү менен 2 жылдан бери алектенип келет. Жакында эле ал “Манас” эпосундагы Бакай ата менен Каныкейдин элесин кийиз бетине түшүрүп, алдыда боло турган сүрөт фестивалына алып чыгууга даярданып жатыптыр.

Анын өнөрүн баалаган кардарлары уламдан-улам көбөйүүдө. Мугалим болуп иштеген Гүлжамал Көкүмбай кызы “Манас” эпосундагы каармандардын элесин кантип чагылдырууда?