Манас Ниязовдун формасы 80 миң сомго сатылды

1430

“Достук” командасынын улакчысы Манас Ниязовдун 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кийген формасына жарыяланган аукцион жыйынтыкталды. Сатыкты жүргүзгөн көкбөрү күйөрмандарынын “Инстаграммдагы” kok.boru баракчасы маалымдагандай, Ниязовдун формасы 80 миң сомго сатылды.

Аукцион 9-январда башталып, алгачкы баасы 2 миң сом менен башталган. Ал 10 күнгө созулуп, 19-январь күнү кечинде жыйынтыкталды.

Натыйжада Руслан аттуу колдонуучу эң көп сумманы сунуш кылып, Манас Ниязовдун формасын сатып алууга макулдугун берген.

Баракчада маалымдалгандай, аукциондон түшкөн каражат былтыркы жылдын май айында жабыркаган улакчы Дастан Жакеевге жардам иретинде берилет.

Дастан Жакеев өткөн жылдын май айында “Аккула” ат майданында өткөн Чүйдүн көкбөрү чемпионатында аттан жыгылып кырсыктаган. 1999-жылы туулган жигит ошондон бери өз алдынча баса албайт.

Аукциондон түшкөн каражатты улакчы Ниязов өз колу менен Жакеевге тапшырмакчы.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.