«Манас» операсы кытай тилинде (видео)

1134

1,5 миллиард адам сүйлөгөн тилде жаңырган «Манас» операсы. Бишкекте Кытай Борбордук опера театрынын артисттери даярдаган «Манас» оюну коюлду. Анын бет ачарына расмий өкүлдөр менен маданият ишмерлери чакырылып, жогорку баасын беришти. Алар бул аракет эки элдин ортосундагы достукту дагы бекемдейт, деп белгилешүүдө.

Ал эми кытай артисттери болсо, Манас Баатырдын мекенинде, «Манас» операсында образ жаратуу өтө сыймыктуу жана жоопкерчиликтүү экенин айтышты. Ушул эле оюн эми шаар тургундары менен конокторуна сунушталат.