Манас тууралуу тасма тартуу кимдин колунан келет? (видео)

1214

Кыргызстанда Манас тууралуу фильм тартылабы? «Айтыш» коомдук фондунун директору Фархад Бекманбетов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына «Манас тууралуу фильм тартууга убакыт келди» деп жазган. Анын мындай билдирүүсү кызуу талаш-тартышка жем таштады. Айрымдары бул идеяны колдосо, башкалары Манас эпосун элге жеткирүүнүн бир гана уникалдуу ыкмасы бар, ал манасчылык дешет. Андыктан фильм тартуу менен уникалдуу өнөрүбүздү жоготуп алышыбыз ыктымал деп кооптонгондор да бар. Анын үстүнө, улуу Манас тууралуу фильм тартуу чоң жоопкерчиликти талап кылат. Аны буга чейин экрандаштырууга чыгынгандар ниетин ишке ашыра албай калышкан. Мындан улам, Манасты кино кылып тартууга көп режиссерлор батына алган эмес. Бул ирет Фархад Бекманбетовдун идеясы кандай ишке ашат? Ага каржылык колдоо кайдан келет — азырынча белгисиз. Себеби бул идея түрүндө гана айтылууда.