Манасбек Арабаев – А. Атамбаевге каршы көрсөтмө береби? (видео)

658

Соттордун мурдагы көмүскө кардиналы атыккан Манасбек Арабаев 2-июлга чейин камакта калды. Анын бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Президенттин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн экс-жетекчиси Манасбек Арабаев коррупцияга айыпталып, 2-июнда кармалган.

УКМК тараткан маалымат боюнча, ал чет өлкөлүк инвесторлордун мүлкүн тартып алуу ишине аралашкан деп шектелүүдө. Манасбек Арабаев тергөө менен кызматташып, ага буйрук бергендерди ачыктаса, жогорку жетекчилер да камакка алынышы мүмкүн экени айтыла баштады.