Манасбек Арабаев кызматынан бошотулду

892

Президенттин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаев кызматынан бошотулду. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Арабаев «мамлекеттик, жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан алынды.

Тактап айтанда, ал беренеде «саясий жетекчиликтин ишенимин жоготуу» деп белгиленген. Буга чейин коомчулукта Манасбек Арабаев бир катар соттук иштерге, сот чечимдерине, кадр маселелерине кийлигишери айтылып келген. Өзү болсо бул айыптоолорду четке кагып келет.

Манасбек Арабаев Президенттин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп 2015-жылдын февраль айында дайындалган.