Манасбек Арабаевди президент эмне үчүн иштен кетирди? (видео)

1644

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев кайсы одоно иштери үчүн “саясий жетекчиликтин ишениминен кеткени” азырынча ачыктала элек. Сотторго таасири чоң, деп айтылып жүргөн мурдагы бөлүм башчы кечээ кызматынан алынаары менен ооруканага жатып калганы тууралуу маалымат тарады. Юристтер арасында жана саясий чөйрөдө Манасбек Арабаев соттордун ишине кийлигишип, алардын чечимдерине таасир эткени айтылып келет. Мындан улам, талдоочулар жана депутаттар, президенттин бул чечимин тазалануу катары сыпатташууда. Ошону менен бирге катуу башталып, бирок токтоп калган сот реформасы да алдыга жылаарына үмүт бар, дешет укук коргоочулар.