Манасчы Сапарбек Касмамбетов акыркы сапарга узатылды (видео)

2802

86 жаш курагында дүйнө салган манасчы жана акын Сапарбек Касмамбетов акыркы сапарга узатылды. Коштошуу зыйнаты Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп, ага өкмөт мүчөлөрү, маркумдун жакындары жана бир топ коомдук ишмерлер катышты.

Сапарбек Касмамбетов өмүрүнүн акырына чейин «Манас» эпосун изилдеп, көпчүлүк тарабынан «Эл манасчысы» деп аталган. Маркум «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди.