Манасчылар 7 күн, 7 түн тынбай Манас айтышат (видео)

2172

Күндөп-түндөп айтса да, түгөнбөгөн Манас! Бишкекте 7 күн, 7 түн Манас айтуу долбоору өтүп жатат. Ага өлкөнүн булуң-бурчунан келген 30дан ашуун манасчы катышып, алар күнү-түнү дебей өз өнөрүн көрсөтүшүүдө. Иш-чара 4-декабрда белгиленүүчү «Манас» күнүнө карата уюштурулган. Бир апталык Манас айтуу марафонун “Саякбай” коомдук фонду төртүнчү ирет өткөрүп жатат. Эске сала кетсек, 2013-жылдын 4-декабрь күнү «Манас» үчилтиги ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирип, ошондон бери “Манас” күнү деп белгиленип келет. Жети күндүк Манас айтуу эртең соңуна чыгат.