Мандаттан мөөнөтүнөн мурда ажырагандар (видео)

2543

Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен 5 миллион сом айыпка жыгылган Осмонбек Артыкбаевдин депутаттык мандаты боюнча маселе азырынча ачык бойдон калууда. Анткени соттун чечими күчүнө кире элек.

Осмонбек Артыкбаев экинчи инстанцияга кайрылуу боюнча чечим кабыл ала элек экен. Эгер ал райондук соттун чечимине макул болсо, анда жаңы жылдан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы Артыкбаевди депутаттык мандаттан ажыратуу маселесин карайт.