Марат Аманкуловдун сөзүнө баа берилеби? (видео)

3579

Депутаттыкка талапкер Марат Аманкуловду жоопкерчиликке тартууну талап кылган 3 арыз 3 мамлекеттик органга тапшырылды. Жарандык активисттер УКМКга, Башкы прокуратурага жана Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылышты. Алар Марат Аманкуловду жарыштан четтетип, анын айткан сөзүнө укуктук баа берилиши керектигин айтышууда.

Мындай нааразычылыкты Марат Аманкуловдун «30 жыл эгемен жашап көрдүк эми үйгө кайтууга убакыт келди» деген сөзү жаратууда. Өз кезегинде талапкер анын айткандары контексттен суурулуп алынып, атайын жаманатты кылуу үчүн таратылууда деп билдирди.