Марат Бекенов Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча кармалды

614

Мыйзамдагы ууру атыккан Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча дагы бир аткаминер кармалганы айтылууда. Маалыматка ылайык, камакка алынган адам өкмөттүн аппаратынын коопсуздук, укук тартиби жана коргонуу бөлүмүнүн мурдагы башчысы Марат Бекенов.

Азырынча Ички иштер министрлиги тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу кенен маалымат берүүдөн баш тартууда. Жана анын бул ишке кандай тийиштиги бар экенин да билүүгө мүмкүн болгон жок.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кеткени боюнча бир катар дарыгерлер жана аткаминерлер кармалып, айрымдары камакка алынса, кээбири үй камагына чыгарылууда. Ал эми 2 экс-жетекчи ооруканага которулган. Алар жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Зарылбек Рысалиев жана ошол кезде Башкы прокурор болуп турган Аида Салянова.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.