Мария Айтматова акыркы сапарга узатылды (видео)

2181

Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова бүгүн “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилди. Маркум кечээ 79 жаш курагында коронавирус илдетинен улам көз жумган.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына анын жакындары, маданий ишмерлер, жазуучулар жана замандаштары катышышты. Мария Айтматова «Чыңгыз Айтматов» атындагы фонддун төрайымы катары дагы белгилүү.