Маркум Бурулайдын өлүмүнө айыпталган тартип сакчылардын иши каралат

775

19 жаштагы Бурулайдын өлүмү боюнча айыпталган милиционерлердин иши Чүй областтык сотунда каралат. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын адвокаты Есения Рамазанова билдирди.

Маркумдун туугандары Аламүдүн райондук соту тартип сакчыларга жеңил жаза берди деп эсептешет.

Мындан улам, областтык сотко даттанышып, жараян бүгүнкүгө белгиленген. Быйыл апрелде Аламүдүн райондук соту шалаакылыкка күнөөлөнгөн 5 милиционерлерди айыпка жыгып, Жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын эки өкүлүн актаган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.