Маркум Эгизбаевдин китебинин электрондук версиясы чыкты

622

Китептин электрондук версиясы «PDF» форматында. Бул китепке маркумдун кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери – жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, даректүү тасмалары жазуу түрүндө киргизилди.

Ошондой эле журналисттин кызыктуу блогдору, макалалары, өзү тарткан сүрөттөрү да бар. Мындан сырткары китептен ал жөнүндө дилбаяндарды, эскерүүлөрдү, сүрөттөрдү да табууга болот.

Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” китеби “Азаттык Медиа” мекемесинин демилгеси жана “Сорос — Кыргызстан” фондунун каржылык колдоосу менен жарык көргөн. Китептин бет ачары 13-ноябрда «Азаттык-Медиа» мекемесинде өткөн. Китептин орус тилиндеги котормосу быйыл декабрь айында чыгат.

“Азаттык” радиосунун кабарчысы, белгилүү иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүрүп, мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.