Маркум Молдакун Абдылдаевдин жубайы жана уулунун сөөгү жерге берилди

669

Чүй областтык өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы, маркум Молдакун Абдылдаевдин жубайы жана уулунун сөөгү жерге берилди. Жубайы Тинатин Шадыканованын денеси 10-июлда, ал эми уулу Илимбектин сөөгү кечээ табылган.

Кырсык 30-июнда болуп, анда Молдакун Абдылдаев, анын аялы, баласы, 8 жаштагы небереси жана айдоочусу түшкөн автоунаа Суусамырга бараткан жолдо кырсыкка кабылып, Көкөмерен дарыясына агып кеткен.

2-июлда Молдакун Абдылдаев менен анын айдоочусунун, 4-июлда небереси Сафиянанын сөөктөрү табылып, жерге берилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.