Маркум Улан Саляновдун туугандары соттук териштирүүнү токтотууну өтүнүшүүдө

824

Экс-башкы прокурор Аида Салянованын туугандары киши колдуу болгон Улан Салянов боюнча иште соттук териштирүүнү токтотууну өтүнүшүүдө. Бул тууралуу анын бир тууган эжеси Чынара Турдалиева билдирди.

Анын айтымында, учурда аталган кылмыш иши Ички иштер министрлиги тарабынан «саясий өңүт» менен да каралып жатат. Андыктан жабырлануучу тараптын юристтери, кылмыш иши кайра баштан тергөөгө жөнөтүлүшү керектигин айтып жатышыптыр.

Белгилей кетсек, 2 күн мурда Ички иштер министрлиги маалымат таратып, анда экс-башкы прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду өлтүрүү ишинде «саясий өңүт» бар болушу мүмкүн деген божомолдор каралып жатканы маалымдалган.

42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен. Ал боюнча 3 шектүү кармалган. Саляновдун өлүмүнө байланыштуу ишти, Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр сентябрдан тартып карай баштаган. Милиция буга чейин кылмышты «карактоо» катары мүнөздөп келген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.