Маркум Үсөн Ниязбеков «Эрдик» сыйлыгына көрсөтүлөт

1712

Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда ок тийип каза болгон полковник Үсөн Ниязбеков «Эрдик» сыйлыгына көрсөтүлөт. Бул тууралуу маалымат жыйындын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев маалымат билдирди. Анын айтымында, маркумдун үй-бүлөсүнө ири өлчөмдөгү кенемте берилген.

Орозбек Опумбаев 7-августта Кой-Таш айылында мурдагы президенттин тарапташтары менен болгон кагылышууда, «Альфа» атайын даярдыктагы бөлүмчөсүнүн командиринин орун басарына түз эле жүрөгүнө ок атылганын, аны өлтүрүү максаттары болгонун кошумчалады. Бул соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен белгилүү болгон. Ал күнү бир жоокер каза болуп, 40тан ашык киши ар кандай жаракат алган эле.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.