Маркумдардын сөөгү эми кантип көмүлөт? (видео)

925

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия маркумдарды көмүүнүн атайын эрежелерин иштеп чыкты. Документтин долбоору өкмөттүн расмий сайтына жарыяланды. Буга чейин сөөктү жерге беруу мыйзам денгээлинде жонго салынган эмес. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы сунуштап жаткан убактылуу эреже 41 пункттан турат.

Анда Кыргызстандын жарандары чет элдиктер жана белгисиз адамдар кантип жерге берилиши керектиги көрсөтүлгөн. Ошондой эле, каза болгондордун улутуна динине жана социалдык абалына карабастан мамлекет алардын баардыгына бирдей шарт түзүп берет деген эреже киргизилүүдө. 2 жыл мурда Ала-Букада салттуу эмес динди тутунган аял бир нече күн жерге берилбей, анын сөөгү 3 жолу көмүлгөн.