Марс Сариев: Эгер экинчи тур болсо, Сооронбай Жээнбеков утулуп калмак

793

Эгер экинчи тур болсо, Сооронбай Жээнбеков утулуп калмак. Анткени анын мүмкүнчүлүгү жок болчу. Бул тууралуу саясий серепчи Марс Сариев билдирди. Анын айтымында, шайлоо алдында Өмүрбек Бабановго карата жасалган кара пиар, бийлик тарабынан жасалган маалыматтык чабуул добуш берүүгө таасирин тийгизип койду.

Марс Сариевдин баамында, шайлоодо регионалдык фактор роль ойноду. Анткени Бабановду Чүй менен Талас жакшы колдоду, ал эми Жээнбековго түштүк аймагынан көбүрөөк добуш берилди.

Эми шайлоого байланыштуу териштирүүлөр, талаштар болуп, абал бир аз тынчыбайт. Бирок башаламандыкка алып келбейт, деди Марс Сариев.