Маршрутка айдоочулары театрдан маданияттуулукту үйрөнүшөт (видео)

2743

Бишкек мэриясы жүргүнчүлөрдү ташуунун маданияттуу жолун тапты. Ага ылайык, эми маршруткалардын айдоочулары жубайларын ээричитип алып театрлар менен өкмөттүк иш-чараларга барып калышы мүмкүн. Мындай өнүттөгү демилгелерди камтыган токтом долбоору Транспорт башкармалыгы тарабынан шаардык кеңешке сунушталды.

Документте айдоочуларды маданият мекемелерине жиберүүдөн тышкары, каттамдарды бөлүштүрүүдө жеке фирмаларга коюлган конкурстук талаптардын өзгөртүлгөн варианты дагы депуттардын кароосуна киргизилген.