Маршрутка сүзүп кеткен окуучу кыздын акыреги сынды (видео)

3143

Окуучу кызды сүзүп кеткен 138-кичи автобустун айдоочусуна жана ал жүргөн каттамдын техникалык механигине 43 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык патрулдук милиция кызматынын маалымат катчысы билдирди.

Эске салсак, кечээ күнү 10 жаштагы окуучу кызды жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобус коюп кеткен. Анын баш мээси чайкалып, акыреги сынган абалда ооруканага жеткирилген. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери боюнча тергөө иштери жүрүүдө.