Маршруткалардагы чөнтөкчүлөрдөн сак болгула! (видео)

729

Маршруттук таксинин айдоочулары чөнтөкчүлөрдү жаап-жашырып, аларды калкалашабы? Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл чөнтөкчүлөргө жем болгондордун саны 2 эсе көбөйгөн. Бишкектеги коомдук транспорттогу мындай көрүнүштөрдү токтотуу үчүн жүргүнчүлөр салонуна видео байкоо камераларын орнотуу сунушталды.

Шаар бийлиги муну менен чөнтөкчү уруулар менен күрөшүүгө болот деген пикирде. Бишкек мэриясынын чечими менен, эми 3 айдын ичинде шаардагы бардык коомдук транспортко видеокамералар орнотулушу керек. Бул демилгени айдоочулар колдогону менен, каражаттын жоктугунан улам, кайрадан эле жол кире акысын көтөрүү керек, деп жатышат.