Маршруткалардын айдоочуларынын талаптары өзгөрдү (видео)

1074

Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочуларынын жапырт иш таштоосу улантылды. Бирок кечээги күнгө салыштырмалуу айрым маршруттук унаалар иштеп жатат. Шаар жетекчилигинин айтымында, буга чейин жалпысынан 2700дөй кичи бустар иштеп турса, бүгүн болгону алардын 500дөйү гана жүргүнчүлөрдү ташышууда. Жумушка чыккан айдоочулар иш таштаган кесиптештеринин каарынан коркуп жаткандыктан, алардын коопсуздугун камсыздоо үчүн 16 мобилдик топ уюштурулган. Ал эми тиешелүү мекемелер бул тармактагы шектүү жагдайларды иликтей башташты. Себеби кечээ өкмөттө чукул отурум өткөрүлүп, анда айдоочулардан мыйзамсыз акча чогултуулары айтылган. Ал арада, айдоочулардын талаптары да өзгөргөнү белгилүү болду.