Маршруткалардын иш таштоосу: кыйналган эл (видео)

885

Маршруттук таксинин кызмат акысын 15 сомго көтөрүү, бирдиктүү форманы жоюу жана каалаган жерге токтоп, жүргүнчү салууга жана түшүрүүгө уруксат берүү. Бул бүгүн жапырт иш таштаган Бишкектеги кичи автобусттардын айдоочуларынын талаптары. Койгон шарттары муну менен чектелбейт. Алар шаар жетекчилерине жолдун экинчи тилкесинен бурулууга уруксат берүү, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден токтобогондугу үчүн айып салбоо сыяктуу талаптарын да коюп жатышат. Чогулгандар менен жолуккан шаар жетекчилери айтылган маселелерди демилгелүү топ түзүп, чогуу чечүүнү сунуштады. Бирок кийинчирээк шаар бийлиги билдирүү таратып, анда маршруттук таксинин айдоочулары койгон орунсуз талаптар аткарылбай турганы белгиленген. Айдоочулардын иш таштоосу Бишкектиктерге кандай кыйынчылыктарды алып келди?