Маршруттук каттамдын айдоочулары кайрадан иш таштайбы? (видео)

1814

Бишкектеги маршруттук таксинин айдоочулары кайрадан иш таштайбыз деп коркутушууда. Алар мындай кадамга 3-май күнү барганы жатышыптыр. Айтымдарында, шаардык муниципалитет май айына чейин жол кирени жогорулатып беребиз деп убадалап, бирок ал аткарылбай жатат.

Ал эми Жүргүнчү ташуучулар ассоциациясынын маалыматы боюнча, массалык иш таштоо болбойт. Анткени Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы учурда жол кире тарифинин үстүндө иштеп жатыптыр. Борбор калаада жол кире канчага кымбаттайт?