Маршруттук таксилер Бишкектин кайсы көчөлөрүнөн алынат? (видео)

926

Быйыл күз айларынан тарта Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн маршруттук таксилер алынат. Бул тууралуу шаар жетекчилигинен билдиришти. Маалыматтар боюнча, ордо калаага жылдын экинчи жарымына чейин 350 автобус алып келинет. Бирок мынча сандагы коомдук унаа Бишкектин борбордук бөлүгү аркылуу каттап жаткан маршруттук таксилерди гана алмаштырууга жетет экен. Ал эми борбордук көчөлөрдө каттап жаткан кичи автобустар жаңы конуштарды тейлей башташат. Себеби автобустар шаардын чет жакасында жүрө албайт, дешет адистер. Ошол эле убакта жол кире акысы да азырынча өзгөрүлбөй турганы да белгиленди. Жаңы автобустар келсе, алар Бишкектин кайсы көчөлөрү менен каттай баштайт?