Маршруттук таксинин айдоочулары экзамен тапшырабы? (видео)

781

Бишкектеги маршруттук каттамдардын айдоочулары кайрадан окутуудан өткөрүлүп, экзамен тапшырууга мажбурланат. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Абдрахим Абдрасилов билдирди. Айдоочулар арасында текшерүү жүргүзгөндө, алардын дээрлик 80 пайызы жол эрежелерин билбей турганы аныкталган. Соңку мезгилде, маршруттук таксилердин катышуусундагы жол кырсыктары көбөйүп кеткени айтылууда. Жакында эле, 106-маршруттук каттам кырсыкка учурап, 7 адам жабыркаган. Ал карама-каршы тилкеге чыгып кеткени айтылууда.