“Мас абалында уктап жаткан” бөлүм башчысы кызматтан алынды

1142

Улуттук статистика комитети иш бөлмөсүндө мас болуп уктап калган кызматкерин иштен бошотту. Эске салсак, кечээ интернетте видео тарап, анда аталган мекеменин Ноокат райондук башкармалыгынын башчысы Расулбек Ташовдун кабинетинде 2 адам мас абалында уктап жатканын көрүүгө болот.

Алгач, бул эки адамдын бирөөсү Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси экени айтылып, бирок ал маалымат боюнча Ош областтык ички иштер башкы башкармалыгы иликтөө жүргүзгөндөн кийин такталган эмес. Ал эми Улуттук статистика комитети болсо, кызматтык иликтөө башталганын билдирген.

Бүгүн болсо, Ноокат райондук статистика башкармалыгынын башчысы Расулбек Ташовдун иштен алынышына анын “эмгек тартибин одоно бузгандыгы жана жумуш учурунда алкоголдук ичимдик ичип, мас болгону” себеп болгону кабарланды. Бул окуяга байланыштуу Ташовдун орун басары Шайырбек Арапов да кызматынан бошотулганы белгилүү болду.

Ташов өзү болсо, бул аны каралоо максатында атайын уюштурулганын жана ага уктатуучу дары берип коюшканын айтууда.