Мас абалында унаа айдагандардын айып пулу өзгөртүлбөйт

777

Жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн айып пулдардын айрым түрлөрү өзгөртүлөт. Бул маселе вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссияны “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашырылган участоктордон башка жерлерде жол кырсыктарынын санынын өскөнү байкалган.

Ошондой эле, комиссия мүчөлөрү бузуулар жөнүндө кодексинин 1231-беренесинде каралган, 1000 сомго чейинки бузуулардын айрым түрлөрү үчүн айып пулдардын өлчөмүн азайтуу сунушуна макул болушту. Ал эми мас абалында унаа айдагандардын айып пулу ошол бойдон 17,5 миң сом өлчөмүндө калат.

Маалыматка караганда, айып пулдун бул түрү киргенден бери мас абалында жол кырсыктарына учурагандардын саны жарым жылда үч эсеге кыскарып, 2 миң 211 фактыны түзгөн. Былтыр ушул мезгилде ичимдик ичкенден кийин унаа айдаган 5 911 учур катталган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.