Мас айдоочулар 3 жылга чейин айдоо укугунан ажыратылабы? (видео)

3025

Эми мас абалында унаа башкаргандар 3 жылга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылышы мүмкүн. Демилге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына таандык. Бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча сунуш Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн.

Документ боюнча карама-каршы тилкеге чыга калгандарды дагы 1 жылга чейин айдоо укугунан ажыратуу сунушталып жатыптыр. Учурда мындай эрежени бузгандар айып төлөп гана жоопкерчиликтен кутулуп кетип жатышат. Анын айынан кырсыктардын саны дагы өсүүдө. Быйыл 9 айдын ичинде эле авариянын кесепетинен 587 адам ажал тапкан.