Мас айдоочуларга 100 миң сом айып пул салуу керекпи? (видео)

1052

Оң рулдуу автоунаалар менен шаарлар аралык каттамда жүргүнчү ташууга тыюу салуу керек. Ал эми арак ичип, машина башкаргандарга айып пулдун көлөмүн 100 миң сомго чыгаруу зарыл. Мындай сунуштар парламентте депутаттар тарабынан айтылды. Эл өкүлдөрү жол кырсыктарын алдын-алуу боюнча көрүлүп жаткан иш чаралар тууралуу маалымат угушту. Расмий маалыматка ылайык, былтыр өлкөдө авариялардын саны 8 пайызга көбөйгөн. Жол кырсыктарын алдын-алуу үчүн учурда кошумча жабдыктар сатылып алынып, штат кеңейтилип жатканы айтылды. Ошондой эле, айып пулдун көлөмүн кыйла жогорулатуу пландалууда.