Мас болуп колго түшүп, инспекторду сотко берген судья (видео)

2398

Мас болуп колго түшүп, бирок инспекторду сотко берген Жалал-Абад шаардык сотунун фемида өкүлүн Тартип комиссиясы иштен алууга белсенүүдө. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. Былтыр 30-декабрда катталган окуяга ылайык, судья Эльмира Сулайманова кызымтал абалда жол сакчыларына кармалып, атайын протоколдун негизинде айып пул төлөгөн.

А түгүл, мунун барын жергиликтүү телеканалдардын бири тартып алууга да жетишкен. Бирок жакында ал фемида өкүлү инспекторду сотко берип, тиешелүү протоколду жокко чыгарууну талап кылып жатыптыр. Бул боюнча биринчи соттук отурум да болуп өттү.