Мас майордун кылыгы чуу жаратты (видео)

1027

Мас абалында машина айдап, жол кырсыгына кабылган милициянын майору боюнча кызматтык иликтөө аягына чыкпай жатат. Ички иштер министрлиги бул тууралуу жакынкы күндөрү маалымат бере турганын убадалады. Ал ортодо аварияга күнөөлүү делген тергөөчү тескерисинче жабырлануучуларга каршы арыз жазганы маалым болду. Бул тууралуу экинчи унаанын айдоочусу кырсыкта жабыркаган Улан Орозалиев билдирди. Анын айтымында, аварияга күнөөлүү делген милиция кызматкери жоопкерчиликтен кутулуп кетүүнүн айласын издеп жатат. Ал тургай келтирилген чыгымдарды төлөп берүүнүн ордуна жабыркаган тарапка жалаа жабуу менен алектенүүдө дейт. Жол кырсыгында Улан Орозалиевдин төрт баласы ар кандай жаракаттарды алып, учурда ооруканада. Ал иштин акыйкат иликтенишинен күмөн санап, бийлик өкүлдөрүнө кайрылууда.